Түлеевдин соту: айыпталгандар көрсөтмө берет

Бүгүн Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин соту уланат. Анда Түлеев баш болуп айыпталып жаткан мэриянын мурунку 5 кызматкери көрсөтмө бере баштайт.

Түлеев 2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келгенде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат. Ал былтыр октябрда камакка алынган. Учурда Улуттук онкология борборунда дарыланып жатат.(EBM)