Ошто июнь коогасы эскерилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үч жыл мурунку коогалаңды эскерүү иш-чараларына учурда Ошто жүргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Иш-чара “Эненин көз жашы” мемориалдык эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан кийин премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар “Тынчтык коңгуроосу” деген аталыштагы мемориалдык комплекске барып, коогалаңда набыт кеткендерди эскерип, куран окушту. (Санжар Эралиев)