Мындай чечимди бүгүн Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк талкуулап, кабыл алды. Мындай чечим кабыл алууга президент Алмазбек Атамбаевдин Жети-Өгүз район аймагына чукул абал киргизүү жөнүндөгү жардыгы негиз берди.
Кумтөр кенине байланышкан талаптар менен 27-майда Жети-Өгуз районунда, 31-майда Жалал-Абадда нааразылык акциялары башталып, жетиөгүздүктөр акциясын 1-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушкандан кийин токтотушту. Ушул эле күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча жаңы өкүлү болуп Токон Мамытов дайындалды.
Ал эми Жалал-Абад облусунда нааразылыкка чыккандар облустук бийлик имаратын ээлеп алышып, элдик губернатор кылып "Ата Журт" партиясынан өкүл Медер Үсөновду шайлашканын 31-майда жарыялашкан.
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк КСДП, "Ата-Мекен", "Ар-намыс" фракцияларынан, оппозициялык азчылык "Ата Журт", "Республика" фракцияларынан куралган. (BkA\BuS)