Сузакта дагы 30 кой ууланып өлдү

Жалал-Абаддын Сузак районунда дагы 30 кой ууланып өлдү. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, өлгөн койлор 4 метрлик тереңдикте казылган жерге көмүлүүдө.

Эки аптадай мурда Сузактын Ак-Чабыр аймагында айыл чарбалык уулуу зат көмүлгөн жерде оттогон 130дан ашуун койдун кырылганы кабарланган. Уулуу зат көмүлгөн жердин үстүн жапкан металлды чыгарып кетишкен. Ал эми жердин айланасы тосмолонгон эмес. (AKu)