Өкмөт Нарын облусунун башчысын кызматтан кетирди деп тараган имиштерге байланыштуу Канатбек Муратбековду колдоо комитети түзүлдү. Эртең Муратбековду ордуна калтыруу талабы менен борбордук аянтта митинг болот.
Бул тууралуу колдоо комитетинин башчысы Асыл Жаманова "Азаттыкка" билдирди. Ал эми Канатбек Муратбеков азыр жумуштан кетүү үчүн арыз жазбаганын, буга байланыштуу өкмөт чечими бир жумадан кийин маалым болорун телефон аркылуу кабарлады. (TSh)