Нарында окуучу кыз жанын кыйды

18-май күнү саат 9-10 чамасында 11-класстын окуучусу Нарын дарыясына түшүп кетип, эртеси таңга жуук сөөгү табылган.

Бул тууралуу Нарын шаардык милиция бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, Кенжегүл Жантай кызы шаардагы №10 мектептин окуучусу болгон. Облустук билим берүү бөлүмүнүн билдиришинче, окуучу кыз ошол күнү жалпы республикалык тестирлөөгө документтери туура эмес болгондуктан кирбей калган. Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (TSh)