Аксы, Ноокендин айдоо талааларында чегиртке көбөйдү

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, Жалал-Абаддын Аксы жана Ноокен райондорунда чегирткенин айынан дыйкандар айдап-сепкенинен түшүм албай калуу коркунучу жаралды. Учурда зыянкечтерди химиялык жол менен жок кылууга күч да, каражат да жетишпей жатат.

Аталган министрлик “Валор Эйр” авиакомпаниясы менен сүйлөшүп, абадан дары чачуу үчүн АН-2 үлгүсүндөгү учакты жалдады. Учак талааларга дарыны эртең чачат. (EBM)