Бул кабарды "Азаттыкка" митингди уюштуруучулардын бири Кубаныч Асан уулу кабарлады. Анын айтымында, ачкачылык жарыялагандар Жерүй кенинин жабылышынан башка эч кандай максатты көздөшпөйт.
Эске сала кетсек, кечээ аталган кендин иштешине каршылык билдирген 100гө жакын адам 4 боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг жарыялаган эле.
Өткөн жыл соңунда өкмөт Жерүй кенин иштетүү укугун 300 миллион АКШ долларына сатарын жарыялагандан бери, айрым жергиликтүү тургундар ар кандай нааразычылык акциясын уюштуруп келет. (MbA)