Саламаттык сактоо министрлиги Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Ариповдун өлкөдө кутурма оорусу көбөйүп жатат деген билдирүүсүн четке какты. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат 2011-жылы 27, ал эми 2012-жылы 28 адам кутурмага кабылган деп билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул оорунун адамга жукканы боюнча 2011-жылы Баткенде эки, 2012-жылы Ош облусунда 1 эле учур катталган.(EBM)
Министрликтин маалыматына ылайык, бул оорунун адамга жукканы боюнча 2011-жылы Баткенде эки, 2012-жылы Ош облусунда 1 эле учур катталган.(EBM)