Чоң-Алайга милициядан кошумча күч кетти

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев маалымдады.

Анын айтымында, кечээ жергиликтүү тургундар Кара-Казык кенин иштетүү кытайлык “Кайди” компаниясына берилгенине нааразы болуп чогулган. Жолду жаап, алтындын кошулмасын ташыган компаниянын унааларын кен чыккан жерге өткөрбөй койгон. Андан кийин акимчиликке келип жергиликтүү кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултуу, “Кайди” фирмасынын ишин токтотуу, акимден отчет алуу сыяктуу талаптарды койгон.

Ашырбаевдин билдиришинче, Ош облустук милициядан кошумча 150 кызматкер Чоң-Алайга жөнөтүлдү. Азыр райондук акимчиликтин алдында 200гө чукул адам топтолуп турат. Алар жыйынга катышканы келаткан Ош облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн орун басарын күтүп жатат. (EBM)