Түрк насыясынын экинчи бөлүгү келди

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, Түркияда 38,5 миллион доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыянын экинчи бөлүгү келди.

Бул каражат бодо малды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды алууга жана атайын бекеттерди ачууга жумшалат. Ошондой эле Суу чарбасын жакшыртууга, айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү өнүктүрүүгө, Бишкек жолдорун оңдоого, мектептерди салууга жана оңдоого, жол оңдоо үчүн керектүү унааларды алууга жана асфальт-бетон заводун курууга берилет.

Өткөн жылы расмий Анкара Бишкекке 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя убада кылган болчу. (EBM)