Түштүк Кореянын Samsung Electronics компаниясы уюлдук телефон технологиясынын бешинчи муунун сыноодон ийгиликтүү өткөрдү.
Жаңы 5G технологиясы азыркы 4G технологиясына салыштырмалуу маалыматтарды бир нече жүз эсе ылдам берет. 13-майда жарыяланган билдирүүгө караганда, түштүк кореялык инженерлердин табылгасы - 5G технологиясы жогорку сапаттагы видеолорду реалдуу убакта берип, тасманы бир секундда көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Samsung Electronics компаниясынын билдиришинче, 5G технологиясы сатыкка 2020-жылы чыгат.