Кыйраган учактын кара кутусун издөө убактылуу токтотулду

Бул тууарлуу "Азаттыкка" бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, ӨКМдин кызматкерлери табылбай жаткан үчүнчү учкучтуку болушу мүмкүн делген колдун сөөгүн таап, америка тарапка бергенден кийин алар издөө иштерин токтото турууну өтүнгөн.

3-майда Чүй облусунун Чалдыбар айылына жакын жерде АКШнын Транзиттик борборунун учагы кыйрап, ичиндеги үч адам набыт болгон. Экөөнүн сөөгү табылып, үчүнчү учкучтун сөөгүн жана учактын кара кутусун издөө уланып жаткан.

ӨКМдин өкүлү издөө иштери азыр убактылуу токтотулганы менен аны жандандырууга адистер даяр турганын, өкмөттүк комиссиянын буйругун гана күтүп жатканын билдирди.

"Манас" аба майданында жайгашкан АКШ Транзиттик борборунун өкүлү болсо кырсык боюнча тергөө иштеринин купуялуулугуна байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. (ТТо)