Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы конфликтти токтотуш үчүн АКШ менен Орусия биргеликте ушул айдын аягында эл аралык конференция өткөрүшөрүн жылуу кабыл алганын айтты. Бул кабарды шейшембиде Москвага барган учурда АКШнын мамкатчысы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүдөн кийин жарыялашкан.
Анткен менен Сириядагы оппозиция азыр айтылып жаткан кандай гана демилге болбосун, президент Башар ал-Асаддын бийликте калышына жол ачат деп тынчсызданып жатканын билдирди. Сириялык оппозиция бийлик алмашуу процессине Асаддын өзүнүн же анын айланасындагылардын катышуусун каалабайт.
Сирияда бийликке каршы чыккан козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн куралдуу кагылыштары 2011-жылдын мартында башталган. Ошондон берки конфликтте, Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, 70 миңдей адам өлдү.
Ал арада бүгүн Римде мамкатчы Керри Иорданиянын Тышкы иштер министри Нассер Жуде менен сүйлөшүүдө “президент Асад Сириядагы өткөөл өкмөткө кире албайт, ал Сириядагы саясий мунасанын негизинде кызматтан кетиши керек деп билерин” айтты.