Ысык-Көл: милиция кызматкерлери башында турган мал уурдоочу топ кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 6 кишиден турган топ узак убакытка чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарында мал уурулук менен алектенип келишкен.

Уюшкан топко башчылык кылган милиция кызматкерлери Алишер Б. жана Нуршат Б. Ысык-Көл ОИИБне ИИМ тарабынан 2013-жылдын январь айында опер кызматкер болуп иштөөгө жиберилген.

Алар тарабынан 15 жылкы уурдалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү топтун бардык мүчөлөрү камакка алынды. (MK)