Чоң-Алайда кенже класстын окуучулары тамактан ууланды

Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айылында Көк-Суу орто мектебинде кенже класстын окуучулары бүгүн түшкү тамактан ууланды. Анын ичинен 11 бала райондук ооруканага жеткирилди. Аларга гастроэнтерит деген диагноз коюлган. Учурда окуучулардын абалы түзүк. (EBM)