Бишкекте кытайлык компаниянын өкүлдөрү тонолду

Бишкекте 6-майда кытайлык “Алтын-Кен” компаниясынын өкүлдөрүн тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кеминдеги Талды-Булак кенинде чалгындоо иштерин жүргүзгөн “Алтын-Кен” компаниясынын өкүлдөрү Бишкектеги банктан жумушчулардын айлык-маянасы үчүн делген 100 миң доллар жана 2 миллион сом алышкан. Андан соң кафелердин биринде тамактанып жатканда бет капчан үч адам кирип, тапанча менен коркутуп, акча салынган баштыкты тартып алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.(BkA)