Акыйкатчынын сайты хакердик чабуулга кабылды

Кыргызстандын Акыйкатчы институту интернеттеги сайты бүгүн эртең менен хакердик чабуулга кабылганын маалымдады. Ага ылайык, сайт акыркы жолу 3-майда кечке маал жаңыланган. Бул факт боюнча “Кыргызтелекомдун” тиешелүү бөлүмүнө айтылды. Учурда сайттагы маалымат базасын кайра калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.

Ушул жылдын февраль айында өзбекстандык хакерлердин Clone Security деп аталган тобу Кыргызстандагы бир катар өкмөттүк сайттарга чабуул койгон. Анда ИИМдин, УКМКнын Антитеррордук борборунун, Мамлекеттик башкаруу корунун сайттары бузулган эле. (EBM)