Испанияда авиашоу учурунда учак кулады

Мадриддин жанында учактардын абадагы оюну учурунда эки орундуу Hispano HA-200 Saeta үлгүсүндөгү 1950-жылкы учак кулап түштү. Аны башкарган 35 жаштагы Испаниянын коргоо министринин жардамчысы Педро Моренес каза тапты. Аэродромдо үч миңден ашуун көрүүчү отурган. Учак трибунадан алыс эмес жерде кулаган. (AiK)