Дүйнөдө эркин басма сөз күнүнүн юбилейлик 20 жылдыгы белгиленүүдө

Бул күн Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан адамдын фундаменталдык укугу - сөз эркиндигин даңазалоого жана аны коргоо максатында 1993-жылдан тарта белгилене баштаган. Аталган уюмдун баш катчысы Пан Ки-Мун бейшембиде Нью-Йорктогу маалымат жыйында дүйнөнүн ар кай тарабында журналисттерди кол салуулардан коргоо үчүн Улуттар Уюмунун жетекчилиги алдында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн зарылчылыгын белгиледи:

- Бардык журналисттер, бардык медиа өз ишин аткарууга мүмкүнчүлүк болуусу керек. Ким болбосун коркпой үн катса, мунун пайдасы бүткүл дүйнөгө тийет.

Баш катчы Пан Ки-Мун демократияны өнүктүрүүдө басма сөз эркиндиги менен адам укуктарынын ролун баса белгиледи.

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо уюму глобалдык тизмесин чыгарып, анда журналисттер кызмат ордунда каза тапкан же мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. 2013-жылы журналисттерге кол салгандар жазыксыз калган өлкөлөрдүн сап башында Ирак, ага удаа Самолия, Филиппин, Шри-Ланка, Колумбия, Ооганстан, Мексика, Пакистан, Орусия жана Бразилия турат.

Лондондогу Amnesty International уюмунун бүгүн чыккан жаңы баяндамасында болсо сириялык козголоңчулар менен саясий бийлик журналисттердин өлүмүнө, камалышына жана кыйноолорго дуушар болуп жатканына бирдей жоопкерчиликтүү деп белгиленет.