Чек арада жашагандарга укуктук жардам көрсөтүлдү

Оштогу Адам укугу жана демократия борбору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын коңшу мамлекеттер менен чектешкен айылдарынын тургундарына юридикалык жардам көрсөттү.

Аталган уюмдун кызматкерлери Оштун Чоң-Алайында, Жалал-Абаддын Чаткал жана Баткендин Лейлек райондорун кыдырып чыкты. Жалпысынан 100гө жакын адамга жардам берилди.

Жергиликтүү тургундар негизинен социалдык, экологиялык, эмгек укугу, үй-бүлө, чек ара жана каржы маселелерине байланыштуу суроолорун берип, адистердин жообун ала алды. (RK)