Чемпиондор лигасы: Барселона - Бавария 0:3

Чемпиондор лигасынын экинчи финалисти кечээ кечинде аныкталды. Барселона өз майданында Мүнхендин Бавариясын кабыл алып, коноктордун коргонуу “чебин” буза албай койду. Ал эми өжөр немистер экинчи тайм соңунда 3 гол (бирөөнү Барселонанын коргоочусу Пике өз дарбазасына киргизди) киргизип, айтылуу испан командасын тизелетти. Бир жума мурда Бавария өз жеринде 4:0 менен утканын эске салалы. Бул таймашта Месси белгисиз себептер менен оюнга салынган жок.

Бир күн мурда дагы бир немис командасы - Дортмунддун Боруссиясы финалга жолдомону жеңип алган эле. Алар Мадридде Реалга 0:2 менен утулганына карабай эки оюндун жыйынтыгында 4:3 менен алдыга озгон.

Ошентип, 25-майда Лондондун "Уэмбли" стадионунда Европанын эң даражалуу турниринин финалында Германиянын Бавариясы менен Боруссиясы бетме-бет чыкмакчы. (SJ)