Асанбек Стамов атындагы адабий клуб түзүлдү

Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен түзүлгөн клубдун максаты чыгармачыл жаштардын башын бириктирүү болуп саналат. Ачылыш аземине жазуучунун жубайы, бала-бакырасы, кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, филология илимдеринин доктору Санарбек Карымшаков баштаган адамдар катышты. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов райондогу кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкондорго диплом тапшырды.

Асанбек Стамов 2010-жылы августта 72 жаш курагында дүйнө салган. Жазуучунун бир канча аңгеме-повесть жыйнактары жана “Хан Тейиш” тарыхый романы басылып чыккан. Бул романда кыргыз тарыхы ХVI кылымдан бери карай изилдөөгө алынат. (EBM)