“Манас ааламы” сүрөт көргөзмө-сынагы ачылат

Иш-чара бүгүн Бишкекте Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейде башталат жана 17-майга чейин уланмакчы. Көргөзмө-сынакты “Манас” жаштар ордосу менен “Улуу баян” коомдук фонду уюштурууда. Анын максаты көркөм өнөр аркылуу Манас дүйнөсүн, тарыхты жана “Манас” эпосундагы каармандарды даңазалоо, сүрөтчүлөргө шык берүү болуп саналат. Жеңүүчүлөр 7-майда сыйланмакчы. (EBM)