Казакстанда "МиГ- 31” кыйрап, учкуч набыт болду

Казакстанда “МиГ- 31” аскердик учагы түнкү машыгуу учурунда кыйроого учурады. Өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымдашынча авиакырсык шейшембиден шаршембиге караган түнү Караганда облусунда болгон. Пилоттун денеси учак кыйраган жерден табылган. Экинчи пилот- азыр ооруканада дарыланууда. Алдын ала маалымат боюнча “МиГ- 31” техникалык себептен кыйраган.