Болотту көргөн өлбөсүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Болот Миңжылкиевдин америкалык достору атактуу опера ырчыны эскерүү үчүн анын Ата журтуна келишти. Бишкекте маркумдун сөөгү «Ата Бейитте» деп айтышкан, бирок мында Миңжылкиевдин мүрзөсү жок болуп чыкты. Көзү тирүү болгондо СССРдин эл артисти, эл аралык сыйлыктардын ээси (Тулуз 1971, София 1973-ж.) быйыл 73кө чыкмак. Орусиянын дүйнөгө таанымал Мариинский театрынын солисти болгон Миңжылкиев Большой театрдын курамында ондогон өлкөлөрдө ырдаган. «Ла Скалада» (Италия) окуган, Метрополитенде (АКШ) ырдаган. 1997-жылы 57 жаш курагында Санкт Петербургда кайтыш болгон. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Жаңыл Жусупжандын видеосу (орус тилинде)