Еврошаркет Сирияга киргизилген мунай эмбаргосун жеңилдетет

Мындай чечим шаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынында кабыл алынды.

Президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга жардам көргөзүүнү максат кылган чечимге ылайык, Европанын импортерлору Сириядан мунайды оппозициянын Сирия Улуттук коалициясы менен макулдашкан соң сатып ала алат.

Сирияга каршы мунай эмбаргосу президент Асаддын өкмөтү демократияны жактаган демонстранттарды күч менен аёосуз баса баштаганына жооп чара катары 2011-жылы киргизилген. Эки жылдан ашкан жаңжалда 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Бул аралыкта Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясы дүйшөмбү күнү Жорж Сабраны утурумдук башчы кылып шайлады.

Оппозициячыл күчтөрдүн мурдагы лидери Ахмед Моаз ал-Хатиб кызматтан чегинишин уланып жаткан кыянатчылыкты токтотууга кудуретсиз болуп жатканы менен түшүндүргөн. (UE)