Сирияга согушка кетти делгендерден дайын жок

Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Мирлан Арстанбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаардык прокуратура жана милиция менен консулдуктун кызматкерлери күнү-түнү байланышып, тергөө ишин жүргүзүп жатышат. Бирок азырынча жаңылык жок.

Сирияга согушка баратканын айтып, Стамбулдан телефон чалган балдардын ата-энеси азыр ушул шаарда.

17-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Сириядагы согушка Кыргызстандан балдар кетип жатканын парламенттин жыйынында айтып чыккан. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан болжол менен 10-15 улан Сирияга кеткени айтылууда. Бирок алар учурда кайсы жерге жеткени белгисиз. Алардын айрымдарынын ата-энеси Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен Стамбулга кетишкен.

Сирияда дээрлик эки жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. Бириккен улуттар уюмунун билдиришинче, бул аралыкта 70 миңдей адамдын каны төгүлдү. (AKu)