Май куйуу түйүнүн тоногон студенттер кармалды

Бишкектеги күйүүчү май куйуучу түйүндөрдүн бирин тоноп кеткен студенттер кармалганын бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. “Кыргыз-Мунай” түйүнүнө ушул жылдын февраль айында 20-25 жаштагы төрт студент кол салган. Кардарлар унаасына май куюп бүткөн соң медициналык маска менен кирип кызматкерлерди коркутуп, 40 миң сомун жана жеке буюмдарын алып кеткен.

Кармалган 4 студент 1993 жана 1994-жылы туулган Нарындын, Ысык-Көлдүн, Баткендин жана Таластын тургундары. Алардын үчөө Улуттук университетте, бирөө Дене тарбия жана спорт академиясында окуйт.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 168-беренеси, (карактоо) боюнча кылмыш иши козголду. (AKu)