69 жаштагы отставкадагы генерал Мушаррафтын адвокаттары бүгүн Жогорку Сотко арызданаарын билдиришти. Бейшембинин кечинде ал теле аркылуу сүйлөп мындай деди:
"Мага эмне үчүн Пакистандын саясатына аралашууга бөгөт коюулууда? Пакистандын өнүгүүсүнө жана коопсуздукту камсыздоого жардам бергеним үчүнбү? Же пакистандыктардын жашоосун гүлдөтүп, укуктарын коргогонум үчүнбү?
Мушарраф 1999-2008-жылдары бийликте турган кезинде Конституцияны бузган, 2007-жылы мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону жана 2006-жылы белужи козголоңчуларынын лидерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.
Экс-президент төрт жыл бою Лондон жана Дубайда бозгунда жашап, 11-майдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында өткөн айда кайтып келген. (GA/RK)