Дирекциянын ишин депутаттык комиссия териштирет

Кыргыз парламенти Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү. Комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат кирди.

Буга чейин 2010-жылкы коогада жабыркаган жарандар дирекция курган айрым көп кабаттуу үйлөрдүн пайдубалдары урап, айрым үйлөр адилетсиз берилгени тууралуу арызданган эле.

Ош-Жалал-Абад дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган.( (EBM)