Техастагы жарылуу жер титирөөнү пайда кылды

Техас штатынын Уэст шаарчасындагы жер семирткичтерди чыгарчу заводдогу жарылуудан бештен он бешке чейин адам набыт болду. Коңшулаш Вако шаар полициясынын сержанты Патрик Свантондун билдиришинче, жарылуудан 160тан ашык адам жараат алган. Шаршемби күнкү жарылуу эмнеден болгону белгисиз. Вако шаарынын мэри Томми Муска кырсыкты мындай сүрөттөдү:

“Жардыруунун алдында өрт жүрүп жатты. Мен келгенде бар жокту өрт каптап турган, анан жарылуу болду”.

Өрттө жабыркагандарды издөө улантылууда. Бир нече өрт өчүргүчтүн дареги табылбай жатат. Дарыгерлердин айтышынча, айрым жарадарлардын абалы оор. АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору жарылуудан күчү 2,1 баллга жеткен жер титирөө пайда болгонун маалымдады.