Орусияда оппозиция лидери Навальныйдын соту кийинкиге калды

Навальный журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 17-апрель, 2014-жыл.

Өлкө түндүгүндөгү Киров шаарында бүгүн башталган сот жараянда, судья адвокаттардын ага даярданууга убакыт сураган өтүнүчүн дароо эле канааттандырды.

Кийинки отурум 24-апрелге белгиленди. Навальный өзү кабарчылар менен маегинде:

-Биз ишти сөзсүз жеңебиз. Жараяндын учурунда кандай чечим чыкпасын, күнөөсүз эместигимди, бул соттун саясий себеби бардыгын далилдериме толук ишенем-деп билдирди.

36 жаштагы Навальныйды бийлик Киров облусунун губернатору үчүн иштегенде “Кировтокой” компаниясынан 16 миллион рубль же 510 миң доллар уурдаган деп айыптоодо.

Навальный күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Акыркы бир жарым жылдан бери президент Путиндин башкы сынчыларынын бирине айланган Навальный өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук катары четке кагууда. (UE)