30дан ашык автомектеп лицензиядан ажырады

Билим берүү жана илим министрлиги 34 автомектептин лицензиясын жокко чыгарганын, дагы 50дөн ашыгында үч айга токтотулганын кабарлады. Билим мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо мамлекеттик инспекциясы Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте унаа айдаганды үйрөткөн 130 мектепти текшерген. Анда айрыкча окууну тажрыйба менен бекемдөө шарттары начар экени аныкталган. Кыргызстан боюнча автомектеп саны 200дөн ашат. (EBM)