Киевде Айтматовго арналган көргөзмө өтүүдө

9-апрелде Украинанын борбор шаары Киевде Көркөм өнөр жана архитектура улуттук академиясында жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бейшембиде Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жазуучунун 85 жылдыгына арналган көргөзмөгө анын чыгармаларынын негизинде тартылган, орусиялык сүрөтчүлөрдүн ар кыл багыттагы сүрөттөрү коюлду. Министрлик маалымдагандай, жыл аягына чейин Украинада жазуучуга арналган бир нече маданий иш-чара уюштурулмакчы.(BkA)