КСДП Ош шаарынын макамын талкуулайт

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жыйынына аталган фракциянын Ош шаардык кеңештеги депутаттары да катышат. Анда “Ош шаарынын макамы” тууралуу мыйзам долбоор талкууланат. Ошондой эле Оштогу чек ара, бала-бакча, газ маселелери тууралуу сөз болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен кабарланды. (EBM)