Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган жыйын өтөт

Бүгүн Бишкекте «Фольклор жана кыргыз улутунун жазуу эстеликтери: башкаруу маселелери” аттуу илимий жыйын өтөт. Иш-чара Улуу кыргыз каганатынын 1170-жылдыгына арналган. Ага тарыхчылар, философтор, саясат таануучулар, тилчилер жана мамлекеттик башкаруу кызматкерлери катышмакчы. Анда кыргыздын байыркы тарыхындагы саясий жараяндарды башкаруу, акын-заманчылардын коомдук-саясий көз караштары, жаңжалдарды жайгаруу жолдору, дипломатиялык мамиле куруу тууралуу сөз болмокчу. (EBM)