Таласта жаңы телеканал ачылды

"Next TV" аттуу жаңы телеканал ачылды. Бул тууралуу аталган телеканалдын негиздөөчүсү Айбек Турдалиев “Азаттыкка” кабарлады. Турдалиевдин айтымында, телеканалдын башкы максаты: облустагы элдин калыс маалыматка болгон муктаждыгын канааттандыруу, маданий жана көңүл ачуучу программаларды өнүктүрүү.

Телеканал облустун Талас, Бакай-Ата райондорунда жана Талас шаарында кыргыз, орус тилдеринде өз көрсөтүүлөрүн көрсөтөт. Телеканал мурда иштеп келген "Next" радиосунун базасына түзүлдү.