Кыргызстан менен Түркия ортосунда бир нече келишимге кол коюлду

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы экономика, билим берүү, маданият тармактары боюнча кызматташтык талкууланды. Анда Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү салттуу түрдө өнүгүп келатканын, бирок мүмкүнчүлүктөр толугу менен пайдаланылбай жатканын билдирди.

Ошондой эле соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү боюнча Түркиянын өкмөт башчысынын сунушун колдоорун айтты. Ал эми Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бул саясий жолугушуу болгону менен эң алды ишкерлер үчүн пайдалуу болуп жатканын белгиледи.

Жолугушуу жыйынтыгында эки тарап ортосунда авиация, экономика, туризм жана айыл чарба тармактарындагы төрт келишимге кол коюлду.

Кечээ Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Ал бүгүн түштөн кийин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушат. (ZB\BkA)