Эстен кеткис жетиси

2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта окко учкан 27 жаштагы Алимбек Аракеевдин жасаты “Ата-Бейитке” коюлган. Анын атасы Токтобек Аракеев небереси менен алыскы Алайку өрөөнүнөн эскерүү иш-чарасына келди.

2010-жылы борбордук аянтта окко учкан жарандарды эскерүү иш-чарасынын башында төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин 7-апрель окуясынын курмандыктарына багышталган кошогу жаңырып турду.


Мамлекеттин саясий жетекчилиги, 7-апрелде окко учкан жарандардын жакындары, жараат алгандар жана коомчулуктун башка өкүлдөрү “Ата-Бейитке” барып, апрель курмандыктарынын арбагына багыштап куран окушту.
7-апрель окуясында оор жараат алган жарандардын айрымдары ушул кезге чейин мамлекеттин эсебинен дарыланышууда.
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта каршылык акциясына чыккан 100гө жакын адам окко учуп, төрт жүзгө жакыны жараат алган.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев аскердик кароолдун коштоосунда “Эркиндик” эстелигине гүлчамбар коюшту.
Эскерүү иш-чарасына келген коомчулук өкүлдөрү үч жылдан бери бийликтин табияты кандайча өзгөргөнүн өз ара талкууга алып турушту.
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта каршылык акциясына чыккан 100гө жакын адам окко учуп, төрт жүзгө жакыны жараат алган.
2010-жылы 7-апрелде аянтта кайтыш болгондордун 28инин сөөгү “Ата-Бейитке” коюлган. Анда бийликти жаңыдан колго алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү таза жана акыйкат иштөөгө ант беришкен болчу.
Буга чейин президент Атамбаев уюштуруу комиссиясы сунуштаган ыңкылаптын үч жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга каршы болгон. Ошондуктан эскерүү күнүнө байланыштуу мурда мерчемделген концерттик программа, спорттук мелдештер жана ат оюндары болбой калды.
Эскерүү иш-чарасынын алкагында мамлекет жетекчилиги чогулгандарга расмий сөз сүйлөгөн жок.