Бишкекте Апрел ыңкылабына арналган конференция өтүп жатат

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Аксы окуясынын, 2005 жана 2010-жылдагы ыңкалаптардын сабактары” деп аталган илимий конференция өтүп жатат. Анда Кыргызстандагы ири саясий окуялардан соңку өзгөрүүлөр, анын жыйынтыктары талкууланууда. Конференцияга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар, саясатчылар катышып жатышат.

Конференцияны ачкан Роза Отунбаева Кыргызстанда болгон ыңкылаптар окумуштуулар тарабынан терең изилденбей жатканын белгилеп, окумуштууларды ыңкылаптын себептерин, жыйынтыктарын изилдөөгө чакырды. (ST\BkA)