Бүгүн Ош шаарында Жаштардын бизнес клубу Youth of Osh коомдук бирикмеси менен бирге жыйын курат. Анда Ош шаарынын стратегиялык өнүгүшүнө салым кошуу маселелери талкууланат. “Ордолуу Ош” стратегиялык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын долбоору боюнча пикир алмашуу, сунуш-пикир кошуу болот. Бул тууралуу Жаштардын бизнес клубунан кабарлашты. (EBM)