Москвада Триумф аянтында кармалгандар бошотулду

“Стратегия-31” нааразылык акциясында “Башка Орусия” кыймылынын лидери Эдуард Лимонов баш болгон 4 адам кармалган. Акциянын алдында эле тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аянтты тороп алган.

Орус оппозициясы 31 деген датасы бар бардык айда Конституциянын тынч жыйындарды өткөрүүгө укук берген 31-беренесин коргоо үчүн "Стратегия-31" деп аталган митингдерди өткөрүп келет. Акциялар такай эле кармап-камоолор менен коштолот. (EBM)