Рим папасы тынчтыкка үндөдү

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск бүгүн Ватикандан Пасха майрамына байланыштуу жасаган кайрылуусунда дүйнөдөгү тынчтыкка чакырып, дүйнө ачкөздүктөн жана пайдага жеңил туйтунууну издөөдөн улам эки бөлүнүп жатканын белгиледи.

Папа өз сөзүндө Жакынкы Чыгышты, жөөт-палестин жаңжалын Африканын бир нече мамлекетин жана корей жарым аралындагы азыркы, чыңалган кырдаалды эскерип өттү.

- Иракта тынчтык болсун! Кыянатчылыктын ар бир аракетине чекит коюлсун. Биздин сүйүктүү Сириябызга, анын конфликттен арып-азган элине, жардам жана сооротуу күткөн качкындарына тынчтык келсин! Саясий чечим табылгыча дагы канча кан төгүлүп, канча азап тартыш керек? Жакынкы Чыгышта, өзгөчө мунаса үчүн жол издөөгө умтулуп жаткан Палестина менен Израил ортосунда тынчтык орносун! Алар абдан эле узакка созулуп кеткен жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өз эрки жана каармандыгы менен кайра жандандырышсын!

Рим Папасы бүгүн Ватиканда 250 миңден диназарлар алдында сүйлөгөн кезинде адамзатты “жаратмандыктын сактоочусу болууга” да үндөдү.

Учурда Батыш христиандары Пасханы майрамдашууда. (UE)