Ооганстанда НАТОнун аба соккусунан эки жаш бала каза тапканы айтылууда

Окуя бүгүн эртең менен Газни провинциясында, Ооганстандын жана эл аралык коалиция күчтөрүнүн биргелешкен операциясы учурунда болгон. Бул тууралуу аталган провинциянын губернатор орун басары Мохаммад Али Ахмади билдирди.

НАТОнун тик учагы жасаган соккудан Талибандын согушкери деп шектелген тогуз адам жана эки жаш бала каза тапкан. НАТО өкүлүнүн айтымында, тик учак Талибан полиция бекетине кол салганда жардамга чакырылган. Учурда аба соккудан жөн-жай адамдардын да өмүрү кыйылды деген маалымат иликтенүүдө.

НАТОнун аба соккуларынан жөн-жай тургундардын да жабыр тартышы - президент Хамид Карзайдын өкмөтү менен АКШ баштаган эл аралык коалиция күчтөрүн араздаштырган маселе.

Өткөн айда ооган күчтөрү жардам сурагандан кийин жасалган аба соккудан он адам өлгөндөн кийин президент Карзай ооган армиясына эл жашаган аймактарга НАТОнун аба күчтөрүн чакырбоону буйруган. (UE)