Ошто эки диндин алакасына арналган көргөзмө өтөт

27-мартта Оштогу Сулайман-Тоо археологиялык тарых музейинде «Ислам жана православие: Кыргызстанда 140 жыл бирге» аттуу фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан «Единство» фондунан маалымдашты. Иш-чара Православие епархиясынын Борбордук Азияда иш жүргүзө баштаганына 140 толгондугуна байланыштуу уюштурулган.

Анын негизги максаты - эки диндин узак мезгилдердеги ынтымактуу мамилелерин, Кыргызстандагы мамлекеттин жана коомдун жыргалчылыгы үчүн мусулмандар менен православдардын жалпы ишмердигин көрсөтүү болуп эсептелет. Ал түрдүү дин өкүлдөрүн жана түрдүү этностордун ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Көргөзмөдө алгачкы жолу XIX-XX кылымдардагы чиркөөлөрдүн, мечиттердин, мазарлардын, ошондой эле Кыргызстан мусулмандары менен православдарынын маанилүү күндөрдөгү жана күнүмдүк турмушундагы окуялардан фотосүрөттөр коюлат.(SE)