Жалал-Абадда бир аскер өзүн өзү атып алды

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө бир жоокер көкүрөк тушуна тийген октон ооруканага жетпей каза болду. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аскер куралды туура эмес колдонуп, өзүн өзү атып алган. Жалал-Абаддагы аскердик прокуратуранын тергөө тобу окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (KKs)