Бишкекте бюджеттин ачыктыгы боюнча талкуу өтөт

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик органдардагы бюджеттин ачыктыгы боюнча тегерек үстөрдөгү талкуу өтөт. Талкууну өлкөнүн Каржы министрлиги менен ЮСАИД, БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешип уюштурууда. Анда эл аралык бюджеттик өнөктөштүк уюму жүргүзгөн бюджеттин ачыктыгы боюнча индекстин жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстандын андан алган орду, бул багытта жасаган иштери тууралуу талкуу жүрөт. Эки күнгө созулчу талкууга Орусия, Грузия, Монголия, Түштүк Корея, Ооганстан, Тажикстан, Казакстандын мамлекеттик мекемелери менен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышат. (BkA)