Жалал-Абад: оппозиция курултайында 20дай боз үй тигилди

Жалал-Абадда шаарында оппозициялык күчтөрдүн курултайы башталганы жатат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, ушул тушта эки миңдей адам чогулду, дагы келип кошулгандар болууда, ошондой эле 19 боз үй тигилди. Курултайга “Эл үнү” кыймылынн лидери Азимбек Бекназаров, Эркин Бүлөкбаев, Жогорку Кеңештин депутат Рашан Жээнбеков, акыйкатчы Турсунбек Акун барды. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын идери Адахан Мадумаров келатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов курултайда коомдук коопсуздукту 300дөй милиция жана 400дөй элдик кошуундун өкүлдөрү күзөтөрүн "Азаттыкка" маалымдаган.

Курултайдын уюштуруучулары анда март, апрель ыңылаптары, андагы сабактар, бийликтин ошол ыңкылаптын талаптарын аткарышы, ошондой эле Кумтөр маселеси караларын айтылган. (YA/EBM)