Оппозиция курултайында коопсуздукту сактоо чаралары көрүлүүдө

Жалал-Абад шарынын чет жакасындагы “Телтору” ат майданындагы коомдук
коопсуздукка эртең 315 милиционер көз салат. Андан сырткары
аларга курултайдын уюштуруучулары сунуш кылган элдик кошуундун 282
мүчөсү көмөктөшөт. Аталган ат майданда 24-мартта оппозициянын
курултайы өтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн облустук ички иштер
башкармалыгынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, облустун борбору менен башка аймактарында да абал
туруктуу, тынч.(YA)